ӰƵ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

Жаңы муун академиясынын студенти болуп, БААУнун атмосферасын сезип көргүң келеби?

29&Բ;января&Բ;2025

Биз жыл сайын өтүүчү “Бир күнгө ЖМАнын студенти” иш-чарасына каттоо башталгандыгын кубануу менен маалымдайбыз. Саамалык 2025-жылдын 10-февралынан 10-мартына чейин өтөт. Каттоодон өткөн жогорку класстардын окуучулары (9-11-класстар) төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү алышат:

- Сабактарга катышуу

- ЖМАнын студенттери менен таанышуу

- Англис тилин практикалоо

- БААУнун атмосферасын сезип көрүү

- Тажрыйбалуу мугалимдерден билим алуу

- ЖМАга окууга тапшыруу жолдорун билүү

- БААУнун кампусу менен таанышуу

Каттоодон өткөн катышуучулардын электрондук даректерине иш-чара тууралуу толук маалымат (өтүү мөөнөтү, группалар, жүгүртмөсү) жөнөтүлөт.


!! Жетишип калыңыздар. Орундар чектелүү.

Каттоодон өтүү үчүн шилтеме профилдин сүрөттөмөсүндө жана берилген постто QR аркылуу.

!! Катталуу үчүн соңку мөөнөт: 5-февраль2025-жыл

<<