ӰƵ

БААУ/ КАМПУСТАГЫ ЖАШОО/ БААУ Окуудан тышкары иш-чаралары/ “Brain Ring” мелдеши

“Brain Ring” мелдеши

«Брейн Ринг» – бул Кыргызстандын мектеп окуучулары, Борбор Азиядагы Америка университетинин “Жаңы муун академиясы” программасы жана Техникалык Инновация Мектеби үчүн уюштурулган турнир болуп саналат. Бул мелдештин үч финалисти тиешелүүлүгүнө жараша окуу акысынын 100%, 80% жана 75% өлчөмүндө сыйлык алышат. «Брейн Ринг» мелдеши БААУнун финансылык көмөк көрсөтүү саясатынын алкагында өткөрүлөт жана өзгөчө таланттуу, өзгөчө муктаж үй-бүлөлөрдөн чыккан студенттерге БААУда билим алууга мүмкүнчүлүк берет.

«Брейн Ринг» стипендиясынан пайдаланыш үчүн оюнда жеңүү жетишсиз – сиз БААУга кабыл алынышыңыз керек. Толук маалыматты ТӨМӨНДӨГҮ ЖОБОДОН таба аласыз.

Бишкек шаарынын орто билим берүү мектептеринин жогорку класстарынын окуучулары, Кыргыз Республикасынын региондорундагы мектептер, Борбордук Азиядагы Америкалык университетинин Жаңы Муун Академиясынын жана БААУнун Инновациялык колледжинин студенттери арасында “Брэйн Ринг” интеллектуалдык оюну боюнча салттуу жазгы турнирди өткөрүү жөнүндө Жобо.

Иш-чаранын башкы максаты – Республиканын мектептеринин жогорку класстарынын окуучулары менен байланыш түзүү, аларды дүйнөлүк жана америкалык тарыхы жана маданияты менен тааныштыруу, ошондой эле университет жөнүндө маалымат таратуу.

Максаттары жана милдеттери
1.1 Окуучуларды университеттик экзамендерге даярдоо, интеллектуалдык машыгуу;
1.2 БААУга кабыл алуунун инновациялык ыкмасы аркылуу университетти жарнамалоо;
1.3 Мектептердин мыкты бүтүрүүчүлөрүн аныктап, аларды БААУда окууга тартуу максатында каржылык колдоо көрсөтүү.

Жалпы жоболор
2.1 “Брэйн Ринг” оюну — бул эки команда ортосундагы интеллектуалдык таймаш, ошондой эле мыкты оюнчулар арасындагы жекече бөлүгү (финал);
2.2 БААУга тапшырууну көздөгөн абитуриенттер (болгону КР жарандары) үчүн “Брэйн Ринг” оюну жылына бир жолу, жаз мезгилинде өткөрүлөт;
2.3 “Брэйн Ринг” оюнун уюштуруу жана өткөрүү, ошондой эле жеңүүчүлөрдү сыйлоо үчүн толук жоопкерчилик БААУга жүктөлөт;
2.4 Оюн тууралуу маалыматты БААУнун расмий сайтынан жана социалдык тармактардан алууга болот. Ошондой эле, маалымат Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигине жана Бишкек шаарынын орто билим берүү башкармалыгына жөнөтүлөт.

3 Командалар, катышуучулар жана мөөнөттөр

3.1 Биринчи турдун тестирлөөсү БААУда, 2025-жылдын 29-мартында өткөрүлөт. Каттоо саат 9:30да башталат. Каттоодон өтүү үчүн төмөнкү документтер талап кылынат: 1) катышуучу 2025-жылы 11-класста же орто билим берүүчү башка окуу жайда окуп жатканын тастыктаган мектептен берилген маалымкат; 2) жарандык паспорт; 3) онлайн тесттен өтүү үчүн смартфон.

3.2 Тестирлөө мөөнөттөрү жыл сайын уюштуруу комитети тарабынан аныкталат жана мектептердин администрацияларына Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгы жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги аркылуу, ошондой эле социалдык тармактар, БААУнун Окуудан тышкаркы иштер боюнча офисинин жана Кабыл алуу офисинин жардамы менен билдирилет.

3.3 “Брэйн Ринг” оюнунда ар биринде 5 кишиден турган 4төн 8ге чейин команда катышат. Командалар орто мектептерден жана башка орто окуу жайлардан эркин арыз берүү жолу менен алдын ала тур учурунда же ага чейин тандалат. Оюндун каттоосунан өткөн командалар тестирлөөгө катышпай туруп эле жекече оюнга өтүшөт.

3.4 Мындан тышкары, тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку 50 жекече көрсөткүчкө жетишкен жогорку класстардын 50 окуучусу кошумча чакырылат. Алар алып баруучу менен залда өткөрүлүүчү индивидуалдык, интерактивдүү интеллектуалдык оюндарга катышат.

3.5 2025-жылдын финалы БААУнун 4-кабатындагы Жыйындар залында өткөрүлөт. Финалга өткөн катышуучуларды каттоо 11-апрелде саат 14:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Оюндун башталышы 15:00дөн кечиктирилбестен башталат. Кечигип келген катышуучулар каттоого жол берилбейт.

4 Уюштуруучу уюмдар жана өткөрүүгө жооптуу адамдар

4.1 Катышуучулардын алдын ала тестирлөөсү үчүн жоопкерчилик Кабыл алуу офисине жана Студенттердин окуудан тышкаркы иштери боюнча офисине жүктөлөт;

4.2 Финалдык оюнду уюштуруу жана өткөрүү Студенттердин окуудан тышкаркы иштери боюнча офисине жүктөлөт;

4.3 БААУнун арт-директору финалдык оюнду уюштуруу жана өткөрүү үчүн жооп берет. Ошондой эле ал акыркы суроолор тизмесин түзүүгө жооптуу адам болуп саналат жана оюн башталар алдында суроолор салынган мөөр басылган конвертти ачат. (Бул ыкма аркылуу акыркы суроолор тизмеси башка адамдар аркылуу көзөмөлдөнбөгөн түрдө тарап кетүү мүмкүнчүлүгү четтетилет).

5 Финалдык оюнду өткөрүү шарттары жана эрежелери

5.1 Командалык оюндар “плэй-оф” системасы боюнча өткөрүлөт;

5.2 Оюндун жүрүшүндө эсеп 4 упайга чейин жүргүзүлөт (жарым финалда — 5 упайга чейин, финалда — 6 упайга чейин). Алгач ушул упайларды топтогон команда кийинки айлампага өтөт;

5.3 Берилген суроону талкуулоого 1 мүнөт убакыт берилет. Жооп берүүгө даяр команда сигнал бериши керек. Сигнал катары жарык лампанын күйүшү кызмат кылат (лампаны колдонуу боюнча нускама жеринде берилет);

5.4 Лампаны биринчи күйгүзгөн команда берилген суроого жооп берет. Эгерде жооп туура эмес болсо же эртелеп күйгүзүлгөн болсо, жооп берүү укугу экинчи командага өтөт, аларга 20 секунддук талкуу убактысы берилет;

5.5 Эгерде эки команда тең туура эмес жооп берсе – кийинки суроо 2 упай менен бааланат, эгер дагы туура эмес жооп берилсе – 3 упай ж.б.у.с.;

5.6 Командалык оюн учурунда сахнада турган катышуучулар жооп бере албаган суроолор залга өткөрүлөт. Бул суроолорго учурда сахнада ойноп жатпаган командалардын катышуучулары жана жеке чакыруу алган мектеп окуучулары жооп берүүгө укуктуу. Алардын орундуктары көрүүчүлөрдөн буфердик аймак менен бөлүнгөн. Ар бир катышуучунун үчтөн жеке карточкасы бар (үч жолу катышууга мүмкүнчүлүк), жооптор ошол карточкага жазылат. Туура жооп берилсе – 1 упай жана кошумча карточка (жооп берүү укугу) берилет. Туура эмес жооп берилсе – карточка жоголот (суроого жооп берүү укугунун бирөөсү жоголот). Карточканы толтурууга 20 секунд берилет; Ареопаг волонтёрлордун жардамы менен сахнадагы оюн маалында туура жооп берген катышуучуну аныктайт. Ал катышуучу финалдык раундга чыгуу укугу үчүн упай алат.

5.7 Айрым учурларда Ареопаг финалдык раунддагы катышуучулардын санын бир аз өзгөртө алат. Бул раундда ар бир туура жооп үчүн (ким биринчи кол көтөрсө – ошол жооп берет, аны Ареопаг аныктайт) катышуучу бир жолку тепкичке көтөрүлүү укугун алат. Жалпысынан 6 тепкич бар. Туура эмес жооп болсо – бир тепкич артка жылат. Акыркы тепкичте эки жолу ката кетирсе – дисквалификация;

5.8 Алгач алтынчы кызыл тепкичке жеткен катышуучу жеңүүчү болуп эсептелет. Ушундай эле тартип менен 2- жана 3-орун ээлери аныкталат.

Байкоо комиссиясы (Ареопаг)

6.1 Байкоо комиссиясы (Ареопаг) кеминде 7 адамдан турат жана ага окутуучулар, Кабыл алуу офиси, Каржылык колдоо офиси, Окуудан тышкаркы иштер боюнча офистердин кызматкерлери жана Студенттик сенаттын өкүлү кирет;

6.2 Ареопагды түзүүгө жоопкерчилик Студенттердин окуудан тышкаркы иштери боюнча офисине жүктөлөт;

6.3 Байкоо комиссиясы тандоо турларынын жеңүүчүлөрүн бекитет жана оюн жеңүүчүлөрүн расмий тастыктайт;

6.4 Талаш-тартыштуу учурларда (эрте баштоо, жооптун тууралыгы ж.б.) акыркы чечим чыгаруу укугу Байкоо комиссиясына тиешелүү;

6.5 Оюн аяктагандан кийин жана Байкоо комиссиясы жыйынтыктарды бекиткен соң катышуучулардын эч кандай нааразылыктары кабыл алынбайт жана оюн жыйынтыгына таасир этпейт.

Сыйлоо

7.1 Ар бир команда Борбордук Азиядагы Америкалык университет тарабынан уюштурулган “Брэйн Ринг” оюнунда катышкандыгы тууралуу сертификат менен сыйланат;

7.2 Жеңүүчү команда “БААУнун Брэйн Рингинин Жеңүүчүсү” чоң кубогу жана тиешелүү диплом менен сыйланат;

7.3 Экинчи орунду ээлеген команда Вице-чемпиондун кичи кубогу жана диплом менен сыйланат;

7.4 Башкы Жекече финалга (10–12 катышуучу) өткөндөр финалисттин сертификаты менен сыйланышат;

7.5 Жекече финалдык раунддун жеңүүчүлөрү именной сертификаттар менен сыйланышат, бул сертификаттар БААУга тапшырууда...

3-орун — БААУда окуунун 8 семестри үчүн төлөмгө 75% арзандатуу берилет
2-орун — БААУда окуунун 8 семестри үчүн төлөмгө 80% арзандатуу берилет
1-орун — БААУда окуунун 8 семестри үчүн төлөмгө 100% арзандатуу берилет

Бул арзандатуулар төмөнкү негизги шарттар аткарылган учурда берилет: студенттин GPA көрсөткүчү (орточо баасы) окуу мөөнөтүнүн бардык семестринде 3.0дон төмөн болбошу жана университеттин коомдук турмушуна активдүү катышуусу (бул Студенттердин окуудан тышкаркы иштери боюнча офис тарабынан аныкталат).

Стипендия берүүнүн толук шарттары боюнча маалыматты Студенттердин окуудан тышкаркы иштери боюнча офисинен алууга болот.

Эскертүү:

  • Алдын ала тестирлөө жана Финалдык оюнду уюштуруу боюнча суроолор боюнча 0 312 915 000 телефону аркылуу, кошумча 251 же 253 номурларына кайрылыңыз.